Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Египетте чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү виза акысы 2027-жылдын 1-январынан тарта жогорулайт. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, бир жолку кирүү визасынын баасы 30 доллардан 33 долларга чейин көтөрүлөт.
Мындан тышкары, виза тариздөө жана тейлөө үчүн 6 доллар, ошондой эле банктык комиссиялар менен салыктар алынат. Натыйжада бир жолку визанын жалпы баасы 39 долларды түзөт.
Транзиттик визаларды тариздөө үчүн төлөм да 3 долларга жогорулайт. Анын акыркы баасы азырынча такталган эмес.
Тарифтерди кайра карап чыгуу чечими Египеттин өкмөтү тарабынан 2026-жылдын 13-августунда кабыл алынган. Бул тууралуу өлкөнүн Туристтик компаниялар жана агенттиктер палатасынын №173 циркулярында айтылган.
Палата туристтик компанияларды жаңы тарифтерди эске алып, чет өлкөлүк өнөктөштөргө жана саякатчыларга маалымат берүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 1-мартынан тарта Египетте чет өлкөлүктөр үчүн визалык төлөм 25 доллардан 30 долларга чейин жогорулатылган.