Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Эл аралык Fitch Ratings агенттиги дүйнөлүк экономиканын 2026-жылы өсүшү боюнча божомолун 2,4 пайыздан 2,6 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу агенттиктин Global Economic Outlook (GEO) баяндамасына таянып, Интерфакс билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, энергетиканын баасынын өсүшүнө карабастан дүйнөлүк экономика туруктуу өсүшүн улантууда. Башкача айтканда, мунайдын жана газдын кымбатташы экономикалык активдүүлүккө терс таасир тийгизгени менен, дүйнөлүк өндүрүш жана керектөө толугу менен токтоп калган жок.
Ошол эле учурда реалдуу пайыздык чендердин жогорулашы экономикалык шарттарды катаалдаштырууда. Бул инфляцияны эске алгандан кийинки пайыздык чендердин өсүшүн билдирет. Мындай шартта насыя алуу кымбаттап, ишкерлердин инвестиция салуусу жана жарандардын ири сатып алууларды жасоосу азайышы мүмкүн. Натыйжада экономиканын өсүшү жайлап, компаниялар менен керектөөчүлөргө каржылык басым күчөйт.
Агенттик АКШнын экономикасынын өсүшү боюнча да божомолун жакшыртты. Fitch 2026 жана 2027-жылдары АКШнын ИДПсы 2,1 пайызга өсөт деп күтүп жатат. Мында керектөө активдүү бойдон калууда, ал эми жасалма интеллект тармагына инвестициялардын өсүшү басаңдаган жок.
Fitch агенттининин башкы экономисти Брайан Култондун айтымында, жакынкы жылдарда дүйнөдөгү негизги пайыздык чендер боюнча божомолдор олуттуу өзгөрдү.
Еврозонада экономикалык активдүүлүк күтүлгөндөн туруктуу болуп, анын өсүшү боюнча божомол да бир аз жакшыртылды. Германиянын ИДПсы 2026-жылдын экинчи чейрегинде жылдык эсеп менен 1 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Fitch Кытайдын экономикасынын өсүшү боюнча божомолун 0,1 пайыздык пунктка төмөндөтүп, 4,5 пайыз деп белгиледи. Агенттик муну негизги фонддорго инвестициялардын кыскарышы жана керектөө чыгымдарынын төмөн болушу менен түшүндүрдү. Мында Кытайдын экспорту жогорку темпте өсүп жатканы белгиленди.