Кийинки жылы турак жай алчулардын кезеги жапырт жылат — МИК

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 15:17
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Акыркы эки жыл ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) "Менин үйүм" мамлекеттик турак-жай программасын ишке ашырууда рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн брифингде компаниянын Калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдирди.

Анын айтымында, компания 2016-жылы түзүлүп, алгач өнөктөш банктар аркылуу иштеген.

"Ал кезде биздин милдетибиз жөнөкөй эле. Биз болгону жарандардын программанын критерийлерине туура келерин текшерчүбүз, ал эми каржылоону берүү же баш тартуу чечимин банктар кабыл алчу. Ошентип, 2022-жылдын аягына чейин 9 миңге жакын ипотекалык насыя берилген", – деди ал.

2

Тотубаева белгилегендей, кырдаалды талдоодон кийин өлкө жетекчилиги ипотекалык саясатка болгон мамилени толугу менен өзгөртүү боюнча маанилүү чечим кабыл алды.

"Биздин ишмердүүлүк 180 градуска бурулду, биз банктар аркылуу иштөөнү токтотуп, өз алдыбызча турак жай курууну баштадык", — деди ал.

МИК 2023-жылдан баштап өлкө боюнча көп кабаттуу турак жайлардын курулушун каржылоого каражат бере баштады.

"2023-жылы 4 662 ипотекалык батир бердик. Ал эми кийинки, 2026-жылы МИК аркылуу турак жай алуу кезеги бир кыйла жылат", - деди ал.

Бишкекте бир нече объектиде турак жай берүү пландаштырылган:

  • "Мурас" турак жай комплекси (Маликов көчөсү, 91) – экинчи этаптын экинчи фазасы жана толук үчүнчү этап, жалпы 2 280 батир;
  • Волков жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак жайлар – 1 320 батир;
  • "Ынтымак" турак жай комплекси (Байтик Баатыр жана Түштүк магистралдын кесилишинде) – биринчи этап, 918 батир;
  • Тынчтык проспектиси жана Горный көчөсүндөгү үйлөр – 120 батир;
  • Кара-Жыгач конушундагы Бекматов көчөсүндөгү чакан объект – 105 батир;
  • Чыңгыз Айтматов көчөсү, 104 дарегиндеги үйлөр – 665 батир;
  • Лев Толстой көчөсүндөгү объект – 280 батир, "Кыргыз темир жолу" менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.