2026-жылы Кыргызстандын экономикасы жогорку өсүш темпин сактайт – ЕАӨБ

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 14:40
123_9sa3YpA.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи айында Кыргызстандын ИДПсы 9 пайызга өстү — мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) жумалык баяндамасында келтирилген.

"Биз божомолдогондой эле, керектөөчүлүк суроо-талаптын жогору болушу өсүштүн негизги пайдубалы болду. Алсак, ички соода ИДПнын динамикасына 2,6 пайыздык пунктту, ал эми башка кызмат көрсөтүүлөр 1,9 пайыздык пунктту камсыз кылды. Негизги капиталга инвестициялар эки орундуу темп менен өсүүнү улантты (+17,9%)", — деп белгилешет докладда талдоочулар.

ЕАӨБ 2026-жылы Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн жогорку темпин сактап каларын билдирүүдө. Алдын ала баалоолорго ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 9,3 пайызды түзөт.