Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары - уюмдун Азия жана Тынч океан боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армидая Салсиах Алис менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу министрдин Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Министр Кыргызстан ЭСКАТОнун региондогу өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалай турганын белгилеп, өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар туруктуу өнүгүү, климат күн тартиби, энергетика, сооданы өнүктүрүү жана транспорттук байланыш маселелери боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылы БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн атайын программасындагы (СПЕКА) Кыргызстандын төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулду. Министр Жээнбек Кулубаев төрагалыктын практикалык багытын камсыз кылуу, анын ичинде транспорттук багытты өнүктүрүү жана долбоордук ишмердүүлүктү илгерилетүү үчүн ЭСКАТО менен тыгыз координациялоого даярдыгын белгиледи.
Баарлашуу соңунда тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнү туруктуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыктады.