Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. 2026-жылы кыймылсыз мүлктүн баасы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу Жер ресурстарын башкаруу агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
“Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таяна турган болсок, 2026-жылы кыймылсыз мүлктүн баасы 5-10%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Бирок, бул узакка созулбайт. Себеби, турак жайга болгон суроо-талап дагы эле жогору бойдон калууда. Мунун негизги себептеринин бири - ички миграция. Азыркы тапта элдин көбү ири шаарларга көчүп келип жатат. Жаңы курулуштар да негизинен дал ушул ири шаарларда жүрүүдө”, - деди ал.
Сукенбаев кошумчалагандай, кыймылсыз мүлккө болгон баанын туруктуу төмөндөшү үчүн региондорду өнүктүрүү маселеси чечилиши керек.
“Эгерде аймактарда жашаган жарандарды ири шаарлардагыдай жумуш жана турак жай менен камсыздай алсак, ички миграциянын агымы басаңдайт. Бул өз кезегинде турак жайга болгон суроо-талапты азайтып, баанын дагы да төмөндөшүнө шарт түзөт”, - деп белгиледи ал.