Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын ички жолдорунун жалпы узундугу 630 чакырымды түзөт. 2020-жылга чейин бул жолдордун көпчүлүгү тешилип, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратып келген. Тешилген жолдор кум, топурак менен бүтөлүп, жаан жааган учурда ал баткакка айланчу.
Бирок, азыр абал өзгөрүп, акыркы 5 жылда шаардын 50 чакырым жолуна асфальт төшөлдү. Ал эми кийинки жылы 100 чакырым жолду асфальттоо пландалууда.