2026-жылы бардык медкызматкерлердин айлык акысы 50%га жогорулайт - Чечейбаев

Коом 17 сентябрь 2025 16:00
2026-жылы бардык медкызматкерлердин айлык акысы 50%га жогорулайт - Чечейбаев

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Келерки жылы бардык медицина кызматкерлеринин айлык акысы 50%га жогорулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Маселе көзөмөлдө экенин айткан министр: "Министрлер кабинетинин отурумунда келерки жылы бардык дарыгерлерге, медайымдарга жана медициналык кызматкерлерге айлык акыны 50%га көтөрүү чечими кабыл алынган", - деп баса белгиледи.