2026-жылга карата Ош облусунда дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда

Аймак Загрузка... 31 Октябрь 2025 14:43
Osh_03-2016_img32_Sulayman_Mountain_viewpoint.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. 2026-жылга карата Ош облусунун дагы 5 айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн облустун 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жалпы 17 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар дотациядан чыккан. Ал эми 2026-жылга карата дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда. Аталган айыл өкмөттөр:

  • Алай районунун Гүлчө шаары;
  • Араван районунун Достук айыл аймагы;
  • Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагы;
  • Өзгөн районунун Кароол жана Дөң-Булак айыл аймактары.