2026-жылдан тарта өзбекстандыктар АКШдагы компанияларга инвестиция сала алат

Борбор Азия Загрузка... 22 Декабрь 2025 11:26
b_22_.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.12.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстандын резиденттеринин АКШдагы компанияларга инвестиция салуусуна коюлган чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Өзекстандын Борбордук банкынын башкармалыгы кабыл алган токтомдо белгиленген.

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап Өзбекстандын резиденттери өлкөдөгү банктардагы өз эсептеринен АКШдагы компаниялардын уставдык фонддорун түзүү, алардын капиталына катышуу, ошондой эле америкалык ишканалардын филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн жүгүртмө каражаттарын толуктоо үчүн каражаттарды эч кандай чектөөсүз которо алышат.

Токтомдо мындай операциялар Өзбекстандын банктарындагы резиденттердин эсептеринде бар каражаттардын чегинде жүргүзүлөрү такталган. Регулятор бул чечим валюталык жөнгө салууну либералдаштырууга, ошондой эле өзбек компаниялары менен ишкерлеринин чет өлкөлөрдө инвестициялык ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилейт.

Бул өзгөртүүлөр президент Шавкат Мирзиёевдин «Америка–Өзбекстан ишкердик жана инвестициялык кеңешин түзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык киргизилүүдө.