Шыкмаматов: Кыргызстандагы салык ставкалары коңшу өлкөлөргө караганда эң төмөн

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2026 17:14
снр2021.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Өткөн жылы экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жүгүн азайтуу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат жүргүзүлдү, - деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында.

Анын айтымында, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, IT-индустриясы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тигүү жана зергерчилик тармагы, ошондой эле социалдык маанилүү багыттар, анын ичинде спортту өнүктүрүү өзгөчө көңүл борборунда болду.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле кичи жана орто бизнестин субъекттерине ыңгайлуу салык режимин тандоо укугу – жалпы режимди, бирдиктүү салыкты же патентти колдонуу мүмкүнчүлүгү сакталып калганын баса белгиледи. Мындай ыкма ишкерлерге салык милдеттенмесин иштин реалдуу көлөмүнө ылайыкташтырууга, ал эми мамлекетке туруктуу салык базасын түзүүгө шарт түзөт.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы салыктын ставкалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эң төмөн жана бул өлкөнүн инвестиция тартуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп саналат.