Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда беш жаңы көмүр кени ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министр белгилегендей, алар: Сүлүктү 11, Кожо-Келең, Бешбуркан, Маркай жана Торугарт. Бул кендердин бардыгы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкаруусунда.
"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания 9 лицензиянын негизинде тоо-кен иштерин жүргүздү. Учурда "Кыргызкөмүр" ишканасында 22 лицензия бар, анын 15и көмүр казууга, 7си чалгындоого берилген. Жогоруда аталган кендерден жалпысынан 1 млн 373 миң 900 тонна көмүр казылып алынды. Жер кыртышын ачуу иштери 120,6 пайызга аткарылса, көмүр казуу пландын 116 пайызын түздү", - деди ал.
Ошондой эле ал "Кыргызкөмүр" 2025-жылы Бишкек ЖЭБине 617 миң тонна көмүр жеткиргенин белгиледи.
"Отун базаларында 327,4 миң тонна көмүр бар, ал эми социалдык жана бюджеттик мекемелерге 429,4 миң тонна берилген. Ошентип, компания тарабынан жалпысынан 1 млн 373 миң тонна көмүр камсыз кылынды", - деди ал.