Былтыр чакан жана орто бизнеске 482 млн сом насыя берилди

Экономика Загрузка... 20 Январь 2026 11:22
97fcaf00-c4f1-4e6d-aba9-fd26eea6d25c_jpg_850x445_q82_crop.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик менен алектенгендерге 482 млн 560 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыяны 147 каржылоо субъектиси алды.

Белгилей кетсек, насыя өлкөдө чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында министрлер кабинети тарабынан бекитилген "Чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген насыялоо" долбоорунун алкагында берилди.