2025-жылы 5 мамлекеттик программа боюнча агросектор каржыланды

Экономика Загрузка... 12 Январь 2026 10:36
fsh-12.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. 2025-жылдан тартып дыйкан-фермерлерди, кайра иштетүү ишканаларды жана жеке ишкерлерди колдоо жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, мурда 2 гана мамлекеттик программа аркылуу каражат берилсе, быйыл 5 мамлекеттик программа (Айыл чарбасын каржылоо, КАПК, ФОТП, Асыл тукум жана Үрөнчүлүк боюнча долбоорлор) аркылуу жеңилдетилген насыялар сунушталууда.

2025-жылга каралган 12 млрд 242 млн сомдун ичинен 11 млрд 369 млн сом өздөштүрүлүп, каржылоонун аткарылышы 92,8 % түздү. Айрыкча “Айыл чарбасын каржылоо-13” программасы 100%, ал эми “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” программасы 166% деңгээлде аткарылды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 12 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 9 млрд 707 млн сомдун 6 млрд 502 млн сому өздөштүрүлдү (67%). Капиталдык салымдар боюнча да оң динамика байкалып, өздөштүрүү 64,6% га жетти.

Министрлик алдыга койгон 5 артыкчылыктуу багыт боюнча жетишилген бул натыйжалар өлкөнүн агрардык сектору ишенимдүү өнүгүү жолунда экенин айгинелей тургандыгын кошумчалады.