2025-жылы 171 аткаминер жазаланган - Эсептөө палатасы

Укук тартиби Загрузка... 10 Июнь 2026 12:45
IMG_3732_DIaL55K.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Былтыр финансылык тартипти бузган 171 аткаминер жазаланып, 14 кызматкер ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик органдардагы ар кандай бузуулар, анын ичинен 1 032 жол-жоболук мүнөздөгү бузуулар аныкталган.

“Кемчиликтерди тез арада четтетүү үчүн аудит объектилерине 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн. Буйруктардын аткарылышы ведомствонун өзгөчө көзөмөлүнө алынган”, - деди ал.

Ошондой эле Алмазбек Акматов белгилегендей, коррупцияга каршы күрөштү жана ички тартипти чыңдоону Эсептөө палатасы өз ичинен да баштаган. Өткөн жылы ведомствонун 3 мамлекеттик кызматкерине эскертүү, 30 кызматкерине сөгүш берилсе, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2 мамлекеттик инспектор ээлеген кызматынан бошотулган.