Өзбекстанда адам сатууга каршы жаза күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 21 Май 2025 14:22
WhatsApp Image 2025-05-21 at 08.25.59.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Өзбекстанда адам соодасы үчүн жаза күчөтүлөт: кылмышка тиешеси барлар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө адам соодасына каршы жазаны күчөтүү пландалууда. Тактап айтканда, Жазык кодексинин 135-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эгер кылмыш жасалма документтерди колдонуу, жабырлануучунун жеке документтерин тартып алуу, жашыруу же жок кылуу жолу менен жасалса — жаза оорлотулат.

Азыркы учурда мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жаңы жоболор боюнча бул мөөнөт 5 жылдан 10 жылга чейин узартылат. Эгер кылмыштын натыйжасында жабырлануучу каза болуп калса же башка оор кесепеттер жаралса, жаза 10 жылдан 15 жылга чейин күчөйт. Буга чейин эң жогорку жаза мөөнөтү 12 жыл болчу.

Өзгөртүүлөр мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.