Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын 12 айында коррупцияга каршы аракеттенүү багытында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) жана түзөтүү мекемелеринде жалпы 19 текшерүү жүргүзүлүп, 114 мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулар ЖАМКнын жооптуу кызмат адамдары тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү”, “Кызыкчылыктардын кагылышы” “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат”, Бирдиктүү салык декларацияларды берүү тартиби чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталбагандыгына байланыштуу болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларды четтетүү жана ага жол берген кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында 10 сунуштама жана 1 талап прокурордук чара көрүү актылары келтирилген. Ага ылайык, 20 кызмат адамдары ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Кызматкерлер тарабынан ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу жана Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү боюнча кызматкерлерге карата жалпы 80 укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, соттун кароосун жиберилген. Анын ичинен сот органдары тарабынан 62 укук бузуу өндүрүш иштери каралып, 264 миң сом өлчөмүндө айып салынып, республикалык бюджетке төлөндү.
Коррупция боюнча, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын айрым кызматкерлерине карата жалпы 4 кылмыш иши козголгон, анын ичинен эки иш боюнча соттун чечими чыккан, дагы эки иш боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.