Өзбекстанда балдарга зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат

Борбор Азия 15 октябрь 2026 18:00
Өзбекстанда балдарга зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева билдирди.

Мыйзамга ылайык, мындай кылмыштарды жасагандарга 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн. Ошондой эле бул кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Мыйзам балдарга карата зомбулуктан жабыркаган же анын күбөсү болгон жашы жете электерге алгачкы процесстик аракеттерден тартып акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү карайт. Ошондой эле жабырлануучу балдарды суракка алуу милдеттүү түрдө видеого жазылат.

Мындан тышкары, балдарга карата зомбулук үчүн билим берүү жана тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлерин жумуштан бошотууга укуктук негиз түзүлөт. Мыйзам ата-энелердин балдарга тийиштүү кам көрбөгөндүгү, сексуалдык асылуу жана балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо талаптарын бузуу үчүн да жоопкерчиликти күчөтөт.

Өзбекстандын Сенатында мыйзам талкууланып жатканда 2025-жылы өлкөнүн билим берүү мекемелеринде балдарга карата зомбулуктун 122 учуру аныкталганы маалымдалган. Анын 38и бала бакчаларда, 84ү мектептерде катталган.