Кинонун кыйындары: "Кыргызтасмасы" жыл мыктыларын аныктады

Маданият 05 Февраль 2026 13:48
DSC01911.jpg
DSC01968.jpg
DSC01912.jpg
DSC01977.jpg
DSC01944.jpg
DSC01939.jpg
DSC01932.jpg
DSC01929.jpg
DSC01926.jpg
DSC01922.jpg
Алдыга
Артка
DSC01911.jpg
DSC01968.jpg
DSC01912.jpg
DSC01977.jpg
DSC01944.jpg
DSC01939.jpg
DSC01932.jpg
DSC01929.jpg
DSC01926.jpg
DSC01922.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук кино тармагындагы бир катар номинациялардын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, чечим киноборбордун расмий корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Номинациялар дебюттук тасмалардан тартып, кассалык ийгиликке жеткен жана эл аралык деңгээлде иш алып барган субъекттерди камтыйт.

2025-жылдын жеңүүчүлөрү:

  • Жылдын мыкты дебюту — "Акыркы дем", "Апаңды бийге чакыр";
  • Мыкты кинотеатр — "Синематика" ЖЧК;
  • Мыкты чет элдик дистрибьютор — "Интерфильм дистрибьюшн", "Аскар Синема" ЖЧКлары;
  • мыкты айым продюсерлер — Эрке Жумакматова, Алтынай Койчуманова, Сүйүн Сулайманова;
  • Көп тасма жараткан студия — "Бард Компани", "ССПРО Продакшн" ЖЧКлары;
  • Кассалык ийгиликке жеткен тасмалар — "Кудай сактасын", "Напарник 3", "Битир".