2024-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү $3,5 млрд жетти

Экономика 2 апрель 2025 17:17
2024-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү $3,5 млрд жетти
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу бүгүн “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусунда айтылды.

Анда алар Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдөгү оң динамикасына көңүл бурушту.

Былтыр эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,5 млрд долларга жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 14,5% өсүштү көрсөткөнү белгиленди.

Буга байланыштуу тараптар сооданын көлөмүн мындан ары да көбөйтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.