Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Соңку эки жыл ичинде өлкөдө бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптималдаштыруу менен кошумча орундар түзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы уктоочу жайларды натыйжалуу колдонуунун аркасында 900дөн ашык кошумча тайпа ачылып, 26 миң 220 бала кабыл алынды.
2025-жылдын ушул күнүнө чейин дагы 9 миңден ашык бала бакчага жайгаштырылды.
Бул иш кийинки жылы да улантылып, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максаты коюлууда.
Мындай аракеттер "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өзгөртүп түзүү: Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар" долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Бул долбоор 2024-2026-жылдары бүткүл республика боюнча ишке ашырылат.