Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. 2021-жылдан бери Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш стратегиялык багытка айланды. Бул тууралуу президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин консультант-эксперти, эл аралык антикоррупциялык эксперт жана илимий изилдөөчү Замир Айылчыевдин "Кыргызстандагы антикоррупциялык реформалар: Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана Чехия менен Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасын адаптациялоо" аталышындагы изилдөөсүндө айтылат.
Замир Айылчыевдин айтымында, коррупция – бул коомдун өнүгүшүнө, экономикага инвестиция тартууга жана элдин бийликке болгон ишенимине түздөн-түз тоскоолдук жараткан көрүнүш. Ал мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүн алсыратат, көмүскө экономиканын өсүшүнө себепкер болот жана демократиялык түзүлүштөрдү бузат. Бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, коррупция менен системалуу күрөшүү мүмкүн.
"Бул үчүн саясий эрк, заманбап технологияларды колдонуу, көз карандысыз институттарды түзүү жана коомдук аң-сезимди жогорулатуу зарыл. Эстония, Латвия, Литва жана Чехия сыяктуу өлкөлөр дал ушул принциптерди ишке ашырып, акыркы 20 жылда коррупцияны олуттуу деңгээлде азайта алышты. Кыргызстан да бул мамлекеттердин тажрыйбасынан сабак алып, өзүнүн шарттарына ылайык адаптациялоо аркылуу антикоррупциялык саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.
2021-жылдан бери Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш стратегиялык багытка айланды. Бул өзгөрүүнүн негизги кыймылдаткычы — президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана реформаларга болгон чечкиндүүлүгү болуп калды", - деди эксперт.
Ошондой эле ал мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлүп, жарандык коом менен бийликтин ортосунда диалог орнотуу, ачыктыкты камсыз кылуу жана процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери жолго коюлгандыгын белгиледи.
"Кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканованын жетекчилиги алдында министрликтер менен жарандык коомдун ортосунда кызматташтык артып, бул ишенимди калыптандырууда маанилүү роль ойноп жатат. Мындан тышкары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен “үч баскычтуу антикоррупциялык ыкма” ишке ашырылууда. Бул ыкма: коррупцияга каршы ишти системалаштыруу, мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү жана коомчулукка маалымат жеткирүү аркылуу коомдук колдоону камсыздоону камтыйт. Аталган аракеттердин жыйынтыгында, Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы көмүскө экономика 31%га кыскарып, коррупциялык схемалардан мамлекетке миллиарддаган сомдор кайтарылды.
Бүгүнкү күндө Эстония дүйнөдөгү эң ийгиликтүү санариптик башкаруу системасын киргизген өлкө катары таанылган. Бул өлкөдө мамлекеттик кызматтардын 99% онлайн көрсөтүлөт. “X-Road” платформасы аркылуу жаран өз маалыматтарын бир гана жолу берет, калган органдар ошол маалыматты колдонушат. Бул “бир маалымат — бир жолу” принциби бюрократияны азайтып, кызмат көрсөтүүдө паракорлукка жол ачкан түз байланыштарды минималдаштырууга жардам берет. Мындан сырткары, Эстония 2005-жылы дүйнөдө биринчи болуп i-Voting онлайн шайлоо системасын киргизип, 2023-жылы шайлоочулардын 51% добушун интернет аркылуу берген. Бул система шайлоочуга өз добушун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берип, ишенимди арттырат", - деп эсептейт серепчи.
Ал эми Кыргызстанда “Түндүк” маалымат алмашуу платформасы ишке киргизилгени менен, аны толук кандуу колдонуу жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында кошумча аракеттер талап кылынат. Кызмат көрсөтүүлөрдү “бир терезе” принциби менен уюштуруу, маалымат базаларын интеграциялоо жана шайлоолорду электрондук негизде уюштуруу мисалы, алгач студенттик парламенттерде пилоттук түрдө киргизүү коррупцияны азайтууга жана коомдук ишенимди жогорулатууга чоң салым кошмоктугун Айылчыев кошумчалады.
"Чехия жана Литва коррупцияга каршы күрөштө укуктук базаны жана көз карандысыз институттарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушкан. Литвада STT Атайын тергөө кызматы коррупциянын алдын алуу, иликтөө жана коомчулукка маалымдоо билим берүү менен алектенет, ал эми Чехияда Улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы полиция башкармалыгы жогорку деңгээлдеги коррупциялык иштерди иликтөөдө адистешкен. Бул органдар парламентке баш ийип, саясий кийлигишүүдөн эркин иш жүргүзүшөт. Литвада мындан тышкары лоббилөө тууралуу мыйзам кабыл алынган. “Крест-декларация” системасы аркылуу лоббисттер жана мамлекеттик кызматкерлер өз ара байланыштары тууралуу ачык маалымат берүүгө милдеттүү.
Кыргызстанда мындай моделдерди адаптациялоо үчүн төмөнкүдөй кадамдар сунушталат: мамлекеттик кызматкерлердин киреше жана мүлк тууралуу декларациясын коомчулукка ачык жарыялоо; кызматтан кеткен жогорку даражадагы чиновниктердин жеке секторго өтүшүнө эки жылдык чектөө киргизүү; кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салган мыйзамдык ченемдерди күчөтүү; жана акчаны адалдоого каршы көзөмөл механизмдерин бекемдөө.
Антикоррупциялык саясаттын туруктуу жана системалуу иштеши үчүн билим берүү жана коомдук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ. Эстония, Латвия жана Литва коррупцияга каршы күрөштө билимди негизги курал катары колдонушат. Бул өлкөлөрдө мектеп программаларына “Этика”, “Интегритет” жана “Жарандык ак ниеттүүлүк” сабактары киргизилген. Жогорку окуу жайларда “Мамлекеттик башкаруу” жана “Санариптик коопсуздук” курстары милдеттүү предмет катары окутулат.
Кыргызстанда мындай сабактар айрым факультеттерде гана бар. Бирок бул багытта улуттук деңгээлде стратегиялык программаларды ишке ашыруу зарыл. Бул үчүн мамлекеттик кызматкерлер үчүн туруктуу тренингдерди жана онлайн сертификация системаларын киргизүү, мектеп жана жогорку окуу жайлар үчүн жарандык билим берүү платформаларын өнүктүрүү сунушталат", - дейт эксперт.
Мындан тышкары ал коом өзүнүн жоопкерчилигин жана аң-сезимин жогорулата албаса, эң мыкты мыйзамдар жана технологиялар дагы күтүлгөн натыйжаны бербейт деген пикирде.
"Учурда Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштө туура жолдо баратат. Саясий жетекчиликтин чечкиндүүлүгү, коомдук колдоо жана мамлекеттик органдардын активдешүүсү реалдуу жыйынтыктарды берүүдө. Эстониянын санариптик үлгүсү, Чехия жана Литванын көз карандысыз институттары аркылуу жүргүзүлгөн реформалары Кыргызстан үчүн пайдалуу моделдер боло алат. Бирок бул тажрыйбалар түз көчүрүлбөй, улуттук шарттарга жараша ылайыкташтырылышы керек. Эгер аракеттер системалуу улантылса, Кыргызстан жакынкы жылдарда Борбор Азия гана эмес дүйнөдөгү таза жана натыйжалуу башкаруу жүргүзгөн өлкөлөрдүн катарына кошула алат", - деди Айылчыев.