2019-жылдан бери бажы төлөмдөрү 4 эсеге өстү – инфографика

Экономика Загрузка... 05 Ноябрь 2025 18:57
Izobrazhenie_WhatsA_TVsOjP6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын июнь айынан тартып министрлер кабинетинин чечими менен Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Тышкы соода боюнча “бирдиктүү терезе” борбору" мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-04_v_15.55.27_e6.width-800

Товарларды тийиштүү бажы көзөмөлү менен камсыз кылуу, товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын тездетүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында Мамлекеттик бажы кызматы Түндүк-Чыгыш бажы аймагындагы Кант бажы жол-жоболоштуруу жайында (мындан ары Кант БЖЖ) жайгашкан "Электрондук жана тышкы экономикалык операциялар борбору" мамлекеттик ишканасына тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон уруксат жана башка документтерди алууга арыздарды кабыл алууну тапшырды.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-05_v_17.38.17_38.width-800

Бул бажы терминалы өлкөнүн түндүгүндөгү эң ири убактылуу сактоо кампасы болуп саналат, ал 37,3 гектар аянтты ээлейт жана бажыдагы жол-жоболоштуруунун бардык түрлөрүн көрсөтөт. Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга Торугарт чек ара өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынган. Анткени терминалдын географиялык жайгашуусу убактылуу сактоо, товарларды түшүрүү жана комплекстүү бажы жол-жоболоштуруу операцияларын бир жерде жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-05_v_17.35.19_19.width-800

Кант БЖЖга "Электрондук жана тышкы экономикалык операциялар борбору" мамлекеттик ишканасынын кызматкерин жайгаштыруу тышкы соода катышуучуларынын Кант БТПдан Бишкекке чейинки жол жүрүү убактысын кыскартууга жана чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө экинчи ири бажы терминалы “Көкчө-Көз” жайгашкан, анын инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-05_v_17.41.39_9f.width-800

“Көкчө-Көз” бажы терминалы Ош шаарындагы жол тыгынын бир топ азайтып, жол кыймылын башкарууну жакшыртты. Жаңы бажы терминалынын ишке киргизилиши бажы операциялары жана көзөмөлү үчүн шарттарды бир топ ыңгайлаштырды. Терминал заманбап эстакада менен жабдылган, бул бир эле учурда көптөгөн жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-05_v_17.35.19_94.width-800

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын пландарында "Электрондук жана тышкы экономикалык операциялар борбору" мамлекеттик ишканасын “Көкчө-Көз” бажы терминалына, өлкө боюнча бажы жол-жоболоштуруу жайларына жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн уруксаттарды жана башка документтерди алууга аба жана темир жол станцияларындагы алдын ала бажы жол-жоболоштуруу орундарына жайгаштыруу каралууда.

Izobrazhenie_WhatsApp_2025-11-05_v_17.38.17_89.width-800

Колдонулуп жаткан маалымат системаларын модернизациялоодон жана жакшыртуудан өткөргөндөн кийин "Электрондук жана тышкы экономикалык операциялар борбору" мамлекеттик ишканасынын Кант БЖЖга жайгаштырылышы менен тейленген ишкерлердин саны 34%га, ал эми киреше 17%га өстү.

WhatsApp Image 2025-11-05 at 14.40.34

Бажы кызматындагы бардык жүргүзүлүп жаткан реформалар байкаларлык натыйжаларды берип жатат. Бажы төлөмдөрү кыйла өстү: эгерде 2019-жылы бажы кызматы 10 айда 30 млрд сомдон ашык каражат чогулткан болсо, быйыл ошол эле мезгилге салыштырмалуу 118 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду.