20-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 1200 17 Февраль 2025 18:00
264235667.jpg
1739786570 (1).jpeg
Алдыга
Артка
264235667.jpg
1739786570 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. 20-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей,  шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-февралда  саат 10:00дөн 16:00гө чейин Тыналиев – Миңжылкиев – Ахунбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.