Унааларды тартып алган. Чолпон-Атада ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 29 Декабрь 2025 15:43
IMG_20251229_154213.jpg
copyright icon УКМК

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны С.У.Э.нин алдамчылык аракеттери аныкталды.

Тактап айтканда, ал президент жана УКМК төрагасы менен жеке үй-бүлөлүк мамилесине жамынып, башкага таандык жалпы баасы 85 миң долларлык 2 унаасын ээлеп алган.

С.У. унааларды ээсине кайтарбай, бийликтеги байланыштарын шылтоо кылып аны коркуткан. Атүгүл өлкө жетекчилиги менен үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүп, өзүнүн таасирдүүлүгүн далилдөөгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен козголгон кылмыш иши козголуп, С.У. Чолпон-Ата шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жана оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.