2 млн эмес 50 миң сом короду. Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы эки күндө аткарылды

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдө жол кесилишин көрктөндүрүү боюнча тапшырмасы эки күндө аткарылып, жалпы 48 миң 852 сом сарпталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, аталган каражатка сырдоо, көрктөндүрүү иштери жасалып, суу чыгарылган.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой мындан үч күн мурун Камчыбек Кыдыршаевич келип, жергиликтүү бийлик жана пансионат өкүлдөрүн чакырып, жыйын өткөргөн. Ошол жыйындын жүрүшүндө Сары-Ой айылындагы жол кесилишин көрктөндүрүү тапшырмасы коюлган. Тапшырма эки күндө толугу менен аткарылды. Сырдоо, көрктөндүрүү иштерине жалпы 48 миң 852 сом сарпталды”,-деди ал.

Ормонов белгилегендей, муну менен катар айланма жолдо асфальт төшөө иштери да жүрүп жатат.

“3-4 күндө асфальт төшөө иштери бүтөт. Бул жол бүткөндөн кийин пансионаттардын ээлери менен бирге үч чакырым жолго тротуар салынат”,-деди ал.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, айрым жетекчилерди сындап, тапшырмаларды берген.

Анын ичинде Сары-Ой айыл өкмөт башчысына айылдагы айланма жолду 50 миң сомго көрктөндүрүп койсо боло тургандыгын айткан.

Өз кезегинде, айыл өкмөт башчысы айланма жолду көрктөндүрүүгө жана асфальт төшөөгө жалпы 2-3 млн сом кетерин, ал эми жөн гана көрктөндүрүүгө 1,5 млн сом кетерин билдирген.