19-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 19 август 2026 08:30
19-августка карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 19-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +31...+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Талас облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын облусунда +26...+31 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +33...+35 градуска жетет.