Бишкек,14.05.25. /Кабар/. 18-майда “Музейдеги түн” акциясы ѳтѳт. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу иш-чарасына 10 миңге жакын кѳрүүчүнүн катышуусу күтүлүүдѳ.
Белгилей кетсек, 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата жыл сайын өлкөдөгү бардык музейлерде “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт. Бул күнү саат 17.00дөн 22.00гө чейин иш-чаранын алкагында музейлерде көргөзмөлөр, концерттик программалар, викториналар уюштурулуп, тасмалар көрсөтүлөт.