17-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 120 17 Август 2026 09:15
IMG_5392.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 17-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын облусунда +26...+31 градус болот.

Ал эми борбор калаада абанын табы +32...+34 градуска жетет.