Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. 17-апрелде борбор калаанын бир бөлүгүндө суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-апрелде саат 09:00дөн 16:00гө чейин Абакан көчөсү - Дэн Сяопин проспектиси - Кустанай көчөсү - темир жол линиясы, ошондой эле Кустанай көчөсү - Волков көчөсү - Садыгалиев көчөсү, - Дэн Сяопин проспектиси менен чектешкен аймакта ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.