16 млн сом доо коюлду. Кеминде ГЭС курган компания экологияга зыян келтирген

Аймак 21 Апрель 2026 15:00
d476cefc-0a24-43d6-bb13-6a4b5dc41395.jpg
674242983_951800287473101_4104615765057003342_n.jpg
674321308_951799784139818_2876007946787420333_n (1).jpg
674321308_951799784139818_2876007946787420333_n.jpg
674553176_951799837473146_6446264857056721902_n.jpg
677604330_951799777473152_8193272474612494711_n.jpg
677753245_951799780806485_8405188404060880148_n.jpg
677780432_951800344139762_8438720049580964290_n.jpg
678765995_951800294139767_5328860761725981149_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кемин районунда ГЭС куруу учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткан "Энергия Будущего" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган. Бул жагдай курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 млн 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду. Тиешелүү материалдар белгиленген тартипте кароо үчүн жөнөтүлдү.