150 миң сом талап кылган. Өзгөндө милициянын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 16 Сентябрь 2025 15:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү К.Б.А.ны кармады. Кармоо иштери ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Шектүү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.

14-сентябрда 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.