1,5 млн сом зыян келтирген: Таласта айыл өкмөт башчысы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 10 Декабрь 2025 16:09
WhatsApp Image 2025-12-10 at 12.55.07.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан аймакта жалпы аянты 60 гектар жер тилкесине тамчылатып сугаруу системалары жана бассейн орнотулган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Аманбаев айыл аймагынын башчысы У.Б.А жана жер маселелери боюнча адис Б.С.А. жеке кызыкчылыктарын көздөп, жогорудагы 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага бергендиги аныкталган.

Мындан улам мамлекетке 1 млн 579 миң 980 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча жогоруда аты аталган адамдар кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.