15 га жерди менчикке өткөрүп беришкен. Сокулуктагы "жер мафиясынын" иши ачыкталды

Укук тартиби Загрузка... 19 Сентябрь 2025 11:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Сокулук районундагы жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы кызматтык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун аймагында иш алып барган "жер мафиясы" делген коррупциялык схеманын бети ачылды.

Тактап айтканда, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси) Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкери Д.М.Э. жана "жер мафиясы" деп аталган уюмдун өкүлү К.Ч.С. ич ара кылмыштуу бүтүмгө келишип, жер тилкелеринин мурунку ээлеринин атынан менчик укугун берүүчү документтерди мыйзамсыз жасап, башка адамдардын атына каттоодон өткөрүшкөн.

Жасалма документтердин негизинде жер мафиясынын өкүлдөрү мурдагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн (учурда Бишкек шаарынын курамында) аймагындагы жалпы аянты 15 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп беришкен.

Андан ары К.Ч.С. өлкө аймагында ишке ашырылып жаткан жер амнистиясынын шарттарын өз пайдасына колдонууну көздөп, айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин багытын жеке турак-жай куруу категориясына мыйзамсыз өзгөртүп, кийинчерээк ал жерлерди бөлүп-жаруу жолу менен үчүнчү жактарга сатууну болжолдогон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү Д.М.Э. жана К.Ч.С. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан "жер мафиясы" деп аталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.