15-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом 13 август 2025 15:24
1755064220_large.jpeg
1755064198.jpeg
Алдыга
Артка
1755064220_large.jpeg
1755064198.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. 15-августта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Анкара көчөсү - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.

Суу ХБО суу алгычын реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.