15-апрелде борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом 11 апрель 2025 12:00
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
1744348224.jpeg
Алдыга
Артка
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
1744348224.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. 15-апрелде борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин   Сарбан, Жал айылдары,  Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району,  Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу "Баш-Кара-Суу" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.