Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. 9-октябрга карата 149 жаран өзүнүн талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, талапкерлигин койгондор тиешелүү документтерди БШКга тапшыра баштады.
“Талапкерлигин койгон 149 жарандын 102си эркек, 47си аялдар. Талапкерлигин көрсөтүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, жарандарда 30-октябрга чейин дагы мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан бул сан жогорулашы мүмкүн. 10-ноябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин каттоосуна тиешелүү чечимдерди чыгарышы керек. Кайсы талапкерлер катталса, ошол талапкерлер бюллетенге киргизилет”, - деди ал.
Тынчтык Шайназаров кошумчалагандай, 10-ноябрдан тарта 29-ноябрга чейин үгүт иштери башталат. 29-ноябрда болсо, жер-жерлерде көчмө урналар аркылуу кандайдыр бир себептерден улам шайлоо тилкесине бара албаган жарандар добуш берет. Ал эми 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.