Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда саат 14:00гө карата 55 миң 302 жаран добуш беришти. Атап айтканда, шайлоочулардын саны - 15,6%ды түздү. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу жана 7 округга караштуу 250 шайлоо тилкеси бар.
Саат 14:00гө карата добуш бергендердин саны төмөндөгүчө:
- Ак-Суу району – 8360 же 18,2%;
- Ысык-Көл району – 9736 же 15,1%;
- Түп району – 8769 же 18,7%;
- Тоң району – 7906 же 19,3%;
- Жети-Өгүз району – 10146 же 15,1%;
- Каракол шаары – 5450 же 10,5%;
- Балыкчы шаары – 4935 же 13,7%.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.