1400 га жер өздөштүрүлөт: Чоң-Алайда жаңы канал курулууда

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 14:20
744870318_893528293230123_3263471292922448952_n.jpg
744821033_1067036949335728_5641152395672446051_n.jpg
745768606_990919753755659_8402072336343778386_n.jpg
746823918_1041061078530314_5481274225903706762_n.jpg
Алдыга
Артка
744870318_893528293230123_3263471292922448952_n.jpg
744821033_1067036949335728_5641152395672446051_n.jpg
745768606_990919753755659_8402072336343778386_n.jpg
746823918_1041061078530314_5481274225903706762_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунун стратегиялык мааниге ээ болгон "Миң-Жар" каналынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун башкы максаты буга чейин суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай келген жайыт жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү болуп саналат.

"Канал курулуп бүтсө 1400 гектар жаңы жер сугат суу менен камсыз болот. Жаңы өздөштүрүлгөн аймактарга картошка, тоют өсүмдүктөрү жана дан эгиндери эгилип, мал чарбачылыгы үчүн тоют базасы бекемделет. Ал эми жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундары түзүлүп, киреше булагы көбөйөт", - деп айтылат маалыматта.

Адистердин айтымында, Миң-Жар каналынын ишке кириши Чоң-Алай районунун ирригациялык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет.