14-октябрда борбор калаанын айрым жерлеринде суу болбойт

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 11:42
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0_1.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. 14-октябрда борбор калаанын айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 14-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:

  • Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л.Толстой көчөсү – Coca-Cola району;
  • Садыгалиев көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – П.Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавтар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский тар көчөсү – П.Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
  • «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал конушу, «Достук» кичи району.

Суу «Батыш» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.