№13 округдан кайра шайлоого 4 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо Загрузка... 14 Январь 2026 13:30
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.01.25 /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 4 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов  Бактыбек Асанович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.