№13 округдагы кайра шайлоого 6 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо Загрузка... 15 Январь 2026 18:08
3_0dkXEpy_N3WYpc7_Q.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 6 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов  Бактыбек Асанович;
  • Калматов Токторали Калдарович;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.