№13 округдагы кайра шайлоо. Үгүт иштери качан башталары белгилүү болду

Шайлоо Загрузка... 14 Январь 2026 15:57
593604721_146846156_MQa5fG7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери 9-февралда — добуш берүү күнүнө 20 күн калганда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ал эми 28-февралда эртең мененки саат 08:00дө, башкача айтканда, добуш берүү башталганга бир сутка калганда аяктайт.

БШК кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 16 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү, алардын ичинде:

  • басма сөз басылмалары — 1;
  • телеканалдар — 9;
  • радио — 3;
  • интернет-басылмалар — 3.

БШКнын расмий сайтында эфир убактысын, басма аянттарын берүү акысынын өлчөмү жана башка шарттары, ошондой эле интернет-басылмаларга материалдарды жарыялоо укуктары жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМКлар жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт материалдарын мыйзам талаптарына ылайык, тактыкты жана калыстыкты камсыз кылуу менен жарыялоого милдеттүү.

Белгилей кетсек, №13 көп мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо 1-мартка дайындалган.