№13 округдагы кайра шайлоо: 12 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо Загрузка... 20 Январь 2026 17:52
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 12 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов  Бактыбек Асанович;
  • Калматов Токторали Калдарович;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович;
  • Матсаков Кадырбек Мусаевич;
  • Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна;
  • Мацаков Бакыт Калбаевич;
  • Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович;
  • Базаркулова Нурсыйда Манасовна;
  • Чомоев Алмазбек Алтынбекович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.