№13 округда кайра шайлоонун датасы бир айдын ичинде жарыяланат – БШК

Шайлоо 12 декабрь 2025 11:55
№13 округда кайра шайлоонун датасы бир айдын ичинде жарыяланат – БШК
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Мыйзамдын алкагында бир айдын ичинде №13 шайлоо округу боюнча жаңы шайлоонун датасын дайындашыбыз керек, ал эми эки айдын ичинде шайлоону өткөрүшүбүз зарыл, — деди БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров журналисттерге.

БШК мурда билдиргендей, конституциялык мыйзамга ылайык, №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан бардык талапкерлерди кайрадан көрсөтүүгө жол берилбейт.

Эми аталган округда жаңы көрсөтүлгөн талапкерлер менен кайрадан шайлоо өтөт.