Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 16 жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылмалары аккредитацияланды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.
Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 9-февралда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 28-февралда саат 8:00дө токтотулат.
Ал эми шайлоо 1-мартта өтөт.