№13 округ боюнча кайра шайлоого катышууга алгачкы арыз келип түштү

Шайлоо Загрузка... 31 Декабрь 2025 10:55
thumbs_b_c_86417e8ebf6f0cbf9e628b4263a8bf93.jpg

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 округу боюнча кайра шайлоого катышууну каалаган жарандардан арыздарды кабыл алууну баштады.

Кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу алгачкы арызды “Кыргызстан” мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун төрагасы Акылбек Арстанбеков тапшырды.

БШКнын маалыматына ылайык, кайра шайлоого катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт. Тактап айтканда, арыздар 2026-жылдын 29-январы саат 18:00гө чейин (кошо эсептегенде) кабыл алынат.