№13 округ боюнча бюллетендеги талапкерлердин кезектүүлүгү аныкталды

Шайлоо 05 Февраль 2026 15:20
628013983_1313818767454779_5317445656450205774_n.jpg
625006193_1313818470788142_900804699763185706_n.jpg
626819143_1313818337454822_1557133289694285443_n.jpg
628493749_1313818174121505_6727715114189524365_n.jpg
Алдыга
Артка
628013983_1313818767454779_5317445656450205774_n.jpg
625006193_1313818470788142_900804699763185706_n.jpg
626819143_1313818337454822_1557133289694285443_n.jpg
628493749_1313818174121505_6727715114189524365_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Бүгүн №13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, ошондой эле мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча дагы чүчү кулак өткөрүлдү.

Талапкерлер 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту.

Чүчү кулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты.

Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.

Чүчүкулактын жыйынтыгы менен шайлоо бюллетенинде талапкерлердин жайгашуу ирети түзүлдү.