128 кызматкер, 60 техника. Бишкек – Күнтуу – Шопоков жолун оңдоо уланууда

Коом 23 сентябрь 2025 11:30
550166748_1104005061908239_1468511588867536922_n.jpg
553746898_1104005121908233_7371488049220146941_n.jpg
549683085_1104005068574905_7966092036925943764_n.jpg
Алдыга
Артка
550166748_1104005061908239_1468511588867536922_n.jpg
553746898_1104005121908233_7371488049220146941_n.jpg
549683085_1104005068574905_7966092036925943764_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунда оңдоо жана кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө аталган жолдун 3,9-чакырымында бир тараптуу 1,5 чакырым аралыкка жаңы асфальт жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде 128 кызматкер жана 60 техника иш алып барууда. Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым болуп, анын 6,7 чакырымы быйыл оңдолот деп мерчемделген.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет, тротуарлар курулуп, көчө жарыктандыруусу орнотулат. Ошондой эле мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.