12:00гө карата Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын 11 пайызы милдетин аткарды

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:22
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында саат 12:00гө карата шайлоочулардын 11 пайызга жакыны, же 85 292 жакын жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 5 шайлоо округу түзүлүп, 460 шайлоо тилкеси ачылды. Облус боюнча жалпы 796 756 шайлоочу катталган.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.